Токтогул районуна караштуу №1 Токтогул атындагы орто мектеби 2016-жылдын жыйынтыгы менен толук капиталдык ремонттон өттү
2016-жылдын жыйынтыгы менен Токтогул районуна караштуу №1 Токтогул атындагы орто мектеби толугу менен капиталдык ремонттон өттү. Материалдык базаны чыӊдоо боюнча жүгүзүлгөн:
Материалдык базаны чыӊдоо иштерине ата-энелер, камкордук кеӊеш тарабынан
180000 сомдук жардам көрсөтүлүп, мектептин 3-этажынын коридорлору, 6 кабинет заманбап талапка ылайык жасалгаланды.
2015-2016-окуу жылында мектеп толугу менен 12 600 000 сомдук акча каражатына капиталдык ремонттон өткөрүлүп, мектеп ичиненде туалет, ысык суу, муздак суу, спорт зал жана ашканасы толугу менен ишке берилди. Мектептин ички дубалдары кырылып тушүрүлүп евро стандартына ылайык шыбалып, эшик терезелер толугу менен алмашылды.
ВППООнун «Азык тулук» программасына кирип, мектептин ашканасына балдардын ысык тамак менен камсыз болушуна толугу менен шарт түзүлдү.
Мындан сырткары 1-4- класстары ысык тамак менен камсыздалынып беш күн каша, шорпо, ж.б. ысык тамак ичишет.
2016-2017-окуу жылына мектепке «АРИС» долбоору аркылуу болжол менен 35 000 000 сомдук акча каражаты тартылып мектепти жылуулук менен камсыз кылуу жана мектептин айланасы, спорт аянтчасы ремонтко берилгени турат.