Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районуна караштуу Ибраимов атындагы орто мектебинин директорун жана Иманбаев атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымын куттуктоо

        Ушул  жылдын 19-январь күнү  Областык  кесиптик бирлик комитети тарабынан  жылдын  жыйынтыгын  чыгаруу  боюнча  иш  чара  болуп  өткөн. Иш чаранын  жүрүшүндө  Токтогул  районуна  караштуу  Ибраимов  атындагы орто мектебинин директору  Суранбаева  Миргул эжекебиз  «Баатыр эне» наамын алган , Иманбаев атындагы  орто  мектебинин профсоюз уюмунун  төрайымы  Иманалиева Назгул эжекебиз борбордук профсоюз комитети  тарабынан  профсоюздардын кароо сынак конкурсунан 2-орунга жетишкен. Эжекелерибиздин кубанычына  кубаныч  кошуп  чогу  иштешкен  эмгек  жааматы  да  эжекелерибиздин кубанычын теӊ  бөлүшүштү. Тактап айтканда Миргул  эжекебиз  областтан «Баатыр  эне» наамын, Иманалиева Назгул эжекебиз кароо сынак конкурсунан 2-орунду  алганына  байланыштуу,  Ибраимов  жана Иманбаев атындагы  орто  метептердин  жааматтары чакан куттуктоо  иш чарасын  өткөрүштү. Иш  чаранын  жүрүшүндө Миргул эженин эмгек  жааматы  каалоо  тилектерин  айтып  «Баатыр эне»  наамын  алышы  менен  куттукташты, ошондой эле  Иманбаев мектебинин эмгек жааматы да өздөрүнүн  кесиптешин Иманалиева Назгул  эжекебизди куттукташты. Ошол  иш  чаралардын  жүрүшүнөн  бир нече көрүнүштөр.