Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районуна караштуу Бримкулов атындагы иновациялык гимназиянын спорт залынын ачылыш аземи

             2017-жылдын 11-январь күнүндө Токтогул районуна  караштуу Бримкулов атындагы    иновациялык  гимназия  мектебинин  спорт залынын  ачылыш  аземи  болуп өттү. Ачылышка  Токтогул  райондук билим  билим берүү  бөлүмүнүн башчысы Д.  Сулпукарова, райондук кесиптик бирлик комитетинин  төрагасы Т. Исраилов,       Жаӊы-жол  айыл өкмөтүнүн төрагасы У. Асылбеков, спец фонддун  өкүлдөрү  жана  гимназия мектебинин администрациясы катышты.  Буга  чейин  спорт  залдын  акыбалы  авариялык  акыбалда болчу.  Токтогул райондук  билим  берүү  бөлүмү  жана райондук  кесиптик бирлик  комитетинин  демилгеси  менен айыл өкмөткө кайрылуу берилип, спецфонддон  капиталдык ремонттко  керектүү  каражаттар  өндүрүлүп азыркы күндө  спорт залды  оӊдоо  иштери  толугу  менен  ишке  ашып  аягына чыкты. Ачылыш аземинин  катышуучулары  спорт залдын  ичине  кирип  таанышып, тиешелүү  адамдар  гимназия мектебинин эмгек  жааматына  каалоо  тилектерин айтып, жыйынтыгында  аксакалдар  Бримкулов  атындагы гимназия  мектебинин  эмгек жааматына баталарын  беришти.