Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук просоюз уюму тарабынан окуучуларды лагерге узатуу

     2017-жылдын 21-июлунда Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн имаратында ата-энелердин жана райком профсоюз уюмунун жана Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда окуучуларды лагерге жөнөтүү боюнча  жыйын болуп отту. Жыйында Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.К. Сулпукарова сөз сүйлөп окуучуларды жайкы эс алуусу менен куттуктап аларга Чычкан капчыгайында жайгашкан Ойуш-Булак лагерине барып он күн эс аларын айтып жалпы окуучуларды жана ата-энелерди кубантты. Райкомдун төрагасы Т.Исраилов сөз алып сүйлөп жалпы чогулуш катышуучуларын жайкы эс алуусу боюнча куттуктап лагер боюнча төмөндөгүлөрдү  билдирди. Быйылкы жылы жалпы элуу бала жөнөтүп жатабыз, бул балдар ар бир мектеп жана бала бакчадан бирден барат. Жетпей калгандарга буйруса дагы болуп калат ошондуктан менин сиздерге айтаарым ушул элуу баланы жакшы маанайда узатып койсок де өз сөзүндө айтып өттү. Балдарды лагерге узатууда атайын ар бир маршруткага бирден атайын даярдалган жол башчылар жана райондук жол коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда жөнөп кетишти.