Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук профсоюз комитети менен райондук билим берүү бөлүмүнүн биргелешкен колдоосу менен жөнөтүлгөн окуучулар областык предметтик олимпиядада алган орундары.

Токтогул районунан барган окуучулар областтык олимпиядада 5 окуучу биринчи орун, 6 окуучу экинчи жана 7 окуучу үчүнчү орунду ээлеп областа алдынкы орунду алышты. Алдынкы    орун алган окуучулардын көпчүлүгү Токтогул районунун Токтогул  атындагы орто мектебинен барган окуучулар болушту. Атап айтсак Токтогул орто мектебинин 4 окуучусу биринчи орунду, 2 окуучусу экинчи орунду жалпы 6 байгелуу орунду ээлешти. Токтогул райондук профсоюз уюму Токтогул орто мектебинин мугалимдерин жана окуучуларын мектебине барып   ийгиликтери менен куттуктап ардак грамота тапшырып стимул берди. Токтогул райондук профсоюз уюму Токтогул орто мектебинин мугалимдерин  жана  окуучуларын профсоюз уюмунун архивине сүрөткө жана видеого  тартып алар боюнча чакан документалдуу видео ролик кылып баардык мектептерге үлгү кылып   көрсөтүүдө. Токтогул райондук профсоюз уюмунун президиумунан барган эжекелер Токтогул атындагы орто мектебинин директору Асыл Таштемировнанын ишинин ийгиликтерин баалап Токтогул райондук профсоюз уюмунун ардак грамотасын тапшырышты.