Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук профсоюз комитети, Жалал-Абад областык профсоюз комитетинин жылдын жыйынтыгы иш чарасында

      Ушул жылдын 19-январь  күнүноө  белгиленген  Жалал-Абад областык профсоюз комитетинин жылдын жыйынтыгы иш чарасына Токтогул районунан 5 адамдан турган делегация, тактап айтканда райком профсоюздун төрагасы Т. Исраилов, билим берүү  бөлүмүнүн жетекчиси Д. Сулпукарова  жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдары катышып келди. Иш чаранын  жүрүшүндө  Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Д. Сулпукаровага «Жылдын Датка-айымы» наамы, Токтогул районуна  караштуу Ибраимов  атындагы орто  мектебинин  директору

      М. Суранбаевага «Баатыр эне» наамы  борбордук профсоюз комитетинин төрагасы А. Токтогулов тарабынан ыйгарылды. Ошондой эле Токтогул районуна караштуу Иманбаев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы

 Н. Иманалиева Борбордук комитети  тарабынан уюштурулган профсоюздардын кароо-сынагы конкурсунан 2 орунга жетишип  диплом жана  плазмалык телевизор менен сыйланды.