Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында жаны дайындоо жана ипотекалык кридитти кимдер алууга укуктуу

       2016-жылдын февраль айында  Токтогул районунун администрациясынын чоӊ залында   Сейдалиев Рысбай Кочконбаевичти  акимдин биринчи орун басары кызматына дайындоо болду. Чогулушка жалпы райондук активдер, райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз уюму, мектептердин директорлору райондук администрация катышышты.  Дайындоону Жалал-Абад облусундагы Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Сейдалиев Рысбай Кочконбаевич кыргыз республикасынын Өкмотүнүн буйругун жарыялап  дайындады. Чогулушка катышкан Токтогул райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Токтомуш Исраилов  акимге жана акимдин биринчи орун басарынын ишине ийгилик калоо менен бирге райондук билим берүү мекемелеринин койгойлуу маселелерине көбүрөөк көӊүл бурууларын суранып өттү. Ошондой эле ипотекалык кридит боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрүү иштери айтылды.

  1. Өзу билим берүү системасында иштеп жатып ата-энеси менен бирге жашап өзүнчө үйү жана квартирасы жок жарандар.
  2. Өзү мугалим болуп иштеп үй бүлөсүндө өзунчө үй бүлө курган уул-кыздары бар жарандардын өзүнчө үйү жок болсо.
  3. Билим берүү системасында иштеп озүнчо үйү жана квартирасы жок жарандар.
  4. Ипотекалык кридитти бюджеттик мекемеде иштеген жарандар дагы жогорудагы вариянттар менен алса болот.

 

       Ошондуктан азыркы учурда билим берүү бөлүмүндө биргелешкен баардык мектептер жана мектепке чейинки мекемелерден тизмелери алынып жергиликтүү бийлик башчылары менен тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Азыркы мезгилге чейин бизде иштеген кызматкерлердин ипотекалык кридитти алабыз дегендердин саны жүздөн ашты. Бүгүнку күндө дагы такташтыруу иштери жүргүзүлүп жатат.