Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук кесиптик бирлик комитети жергиликтүү айыл өкмөт менен биргеликте иш алып барууда

       Ушул жылдын 13- апрель күнү Токтогул райондук кесиптик бирлик комитетинин  төрагасы Т. Исраилов жергиликтүү айыл  өкмөттөрү менен  жолугушуп,  билим берүү тармагында иштеген жер  улушу  жок  мугалимдерге ижарага айдоо  жер  аянттарынан болуп берүү  боюнча  буга чейин көтөргөн маселеси ушул  күнү  ишке  ашты.

      Жергиликтүү Жаӊы-Жол айыл өкмөтү Райком профсоюздун бул сунушун карап чыгып айдоого жараган  жер тилкелеринен муктаж болгон  мугалимдерге ижарага болуп берди. Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Т. Исраилов жерди бөлүштүрүүдө  айыл өкмөттүн  өкүлдөрү жана жер алып жаткан мугалимдер менен  жолугушуп, иштин башында өзү баш көз болуп турду.