Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин VI-пленуму

      2016-жылдын 12-май күнү  Токтогул  атындагы  орто  мектебинде   Токтогул  райондук профсоюз  комитетинин  VI-пленуму  болуп  өттү.   Пленумга   жалпысынан  52 адам  катышты. Пленумдун башында Токтогул  райондук билим  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюз комитетинин  төрагасы  Т.  Исраилов  2014-2015-жылдарда жасаган   иштери  боюнча  доклады  угулду. Андан соӊ мектеп  директорлору жана баштапкы  профсоюз уйумдарынын  төрага, төрайымдары  сөз   сүйлөп Т.Исраиловдун  алып  барган  жумушуна  баа  беришти. Андан сырткары  да  келечекте жасай  турган жумуштардын шарттары  каралып жана областык  комитеттин профсоюз төрагасын  шайлоо  боюнча конференцияга  райкомдун төрагасы Т. Исраилов,   жалпы райондук  билим берүү бухгалтериясынан  Б. Тулекеев, Жоомарт  атындагы  орто мектебинин профсоюз төрайымы  А.Тажибекова жана Нургазиев атындагы орто  мектебинин профсоюз   төрайымы  С. Исмаилова  делегат катары  жалпы  добушка салынып, бир  добуштан  шайланып  тиешелуу  токтомдор  кабыл  алынды.

Райкомдун профоюз төрагасынын  отчетун  угуу

Жарыш  сөзгө  чыккан мектептердин профсоюз  төрага  төрайымдары

Жалпы добуш  берүү учурунда