Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети Турдуманмбетов атындагы орто мектебинде

    Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д. Сулпукарова жана райком профсоюздун төрагасы Т.  Исраилов 22-ноябрь күнү билим берүү мекемелердин жааматы менен  жолугушуу иш сапарын улантышты. Бул  сапар алар Турдуманбетов атындагы орто мектептин жана Ормонбеков атындагы лицейдин  жааматы менен  жолугушуп келишти. Бул жолугушууда билим берүү  системасында боло  турган өзгөрүүлөрдү жана жаӊы киргизиле турган шарттарды талкуулашты. Райком профсоюздун төрагасы Т. Исраилов профсоюз  мүчөлөрүнө профсоюздун алып бара турган иштери жөнүндө өзүнүн ой пикирин айтып түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошону менен  бирге мекемелердин профсоюз төрага (төрайымдардын) ушул жылга  жасалган иштери  тууралуу  отчетун жана ой  пикирлерин  угуп келди.