Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитети билим берүү мекемелеринде

     Ушул жылдын 14 ноябрь күнү Токтогул райондук билим  берүү бөлүмүнүн башчысы Д. Сулпукарова менен  биргеликте райком профсоюздун төрагасы Т. Исраилов  Токтогул районуна караштуу билим берүү мекемелеринин  жааматы менен жолугушуу иштерин башташты. Бул жолугушуулардын максаты мектеп администрациясы менен профсоюз мүчөлөрүнүн  ортосундагы иш алып баруусун жакшыртуу, профкомдорго милдеттерин жана эмгети коргоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,  ошондой эле мектеп администрациясынын  жана профсоюз төрага (төрайымдарынын) ушул жылдагы жасаган иштери боюнча отчетун  угуу болду. Биринчи жолугушуу  Токтогул атындагы орто  мектебинин  жааматы  менен  башталды.