Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Токтогул атындагы орто мектебинин окуучусу менталдык арифметика бойюнча эл аралык олимпиадада супер-чемпион наамын багындырды

    Жакында  болуп  өткөн  менталдык  арифметика  боюнча  эл  аралык  олимпиадага  катышкан  Токтогул райондук  билим  берүү  бөлүмүнө  караштуу,  Токтогул  атындагы  орто  мектебинин  9-классынын   окуучусу  Таштанов  Нурхан  куржуну  кур  эмес  кайтып  келди. Тактап айтканда  20дан  ашык  мамлекеттен 407  окуучу  бул  олимпиадага катышып,  ошолордун  арасынан  суурулуп  чыгып  Таштанов  Нурхан  аттуу  окуучубуз  Супер-чемпион  наамын  багындырды.

         Окуучубуздун  ийгилигине  колдоо  көрсөтүп  атайын  Токтогул  атындагы  орто  мектебинин  чоӊ  залында  куттуктоо  церемониясы  өткөрүлдү.  Бул  церемонияга  КРнын өкмөтүнүн кадрлар  бөлүмүнүн  директору  Момуналиев  Нурханбек  Сакенович  баш  болуп  райондун  акими  М.Асанканович, райондун  мэри М.Сагынбаевич,  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы Д.Сулпукарова  жана  Токтогул  атындагы  орто  мектебинин  директору  А.Тулекеева катышып  куттуктоолорун  айтуу  менен  бирге  ушул  окуучубузга  жана  анын  класс  жетекчиси  Алимахунова Айзадага  ыраазычылыгын  билдирип  сыйлыктарын  жана  дипломдорун  тапшырышты.