Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул жергесинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги №81 «Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыгы чыккан. Мына ушуга ылайык, жер жерлерде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата кыргыз элинин тилин, тарыхын, маданиятын даңазалоо жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, окуучуларды чыгармалары менен терең тааныштыруу, руханий байлык алуу максатында ар кандай иш чаралар уюштурулуп, өтүп жатат.

Кыргыз элинин залкары, дүйнө эли тааныган, чыгармаларын сүйүп окуган, өз жери үчүн жасаган эмгектери элдин эсинде түбөлүк сакталган, Кыргыз деген сөз менен Чыңгыз деген ысымды ажырагыс бир бүтүндүккө айланткан, алдын ала заманды көрө билген жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата  Токтогул райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз комитети тарабынан уюштурулуп

Сени тааныгандар жашап жатканда, сен тирүүсүн»

Аттуу адабий-музыкалуу, илимий-конференциясы болуп өттү.

1.  Ачылыш сөз. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сулпукарова Д.К. чыгып сөз сүйлөп конференциянын ачылышын КРнын Гимни менен ачты.

2.Доклад. «Айтматов жазган улуу эпиграф» аттуу илимий доклады Мамыров атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Сатарова Алиса окуп тааныштырды.

3. АКИпресс. Мамыров атындагы орто мектебинин « Журналистер» жана « Режисерлор» клубунун мүчөлөрүнүн « Аалам кезген Айтматов дүйнөсү» аттуу АКИпресс жыйыны болуп суроо берип жоопторун алышты.

4. Достук балдар бакчасы наристелери «Радуга» аттуу бийин тартуулашты.

5.Монолог. Нургазиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Гулжигит кызы Алия «Акбаранын көз жашы» аттуу монологун менен.

6. Көркөм окуу. Айтматовдун каармандарынын монологдору:

-Бримкулов атындагы орто мектебинин окуучулары

-Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган « Атадан калган туяк» кино тасмасындагы мектеп-лицейинин 4-классынын окуучусу Абдымамытов Мирэл алдынкы деңгээлде аткарып берди.

7. Куттуктоо сөздөр берилип Токтогул районунун акиминин орун басары А.Наватовна, Билим беруу бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова, Профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов чыгышып куттуктоо сөздөрүн айтышып ардак грамоталарын тапшырышты.

Материалды даярдаган:

Токтоналиев Уланбек- Токтогул райондук

Профсоюз  комитетинин инспектору