Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райкомунда кезексиз пленум болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Токтогул райондук комитетинин кезексиз пленуму 2024-жылдын 30-январында Токтогул шаарынын Биримкулов атындагы мектебинде өткөрүлдү. Пленумдун ишине Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси, башкы укук инспектору Б.Кадыркулов, Жалал-Абад областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов, обкомдун инспектору А.Айдаров катышты. Пленумдун ишин Б.Кадыркулов алып барды.

Пленумдун күн тартибинде Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраиловдун ден соолугуна байланыштуу акыркы жылдары профсоюздук иштер жүрбөй калгандыгы, Токтогул райкомунун конференциясы Т.Исраилов катышпастан өткөрүлгөнү, конференция өткөрүүнүн Уставдык эрежелери бузулганы, ошол негизде чыр-чатактын жана карама-каршылыктын күчөп кеткени боюнча масее каралды. Натыйжада, Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында кызматкерлердин эмгек укуктары корголбой, профсоюздук каражаттардын максаттуу пайдаланышында кыйынчылыктар жаралган.

Пленумдун мүчөлөрү Т.Исраиловдун арызын карап, жогорудагы кемчиликтерин баса белгилеп, “кызматтан бошотуу жөнүндө” арызын бир добуштан колдоп, өтүнүчүн канаатандырышты.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча пленумдун ишине төрагалык кылуучу Б.Кадыркулов райкомдун пленумунун жүрүшүндө райкомдун мүчөлөрүнөн анын төрагалыгына талапкерлерди көрсөтүүнү сунуштады. Мамыров атындагы орто мектептин профкому М.Батырбеков Токтогул райкомунун 2023-жылы 29-майда өткөрүлгөн 9-конференция айрым уставдык эрежелери бузулуп, туура эмес өткөндүгүнө карабастан, ошол конференциянын 154 делегатынын добуш берүүсү менен төрагалыкка шайланган пленум менен кайра шайлап берүү сунушу берилди. Пленумдун мүчөлөрүнөн башка сунуш түшкөн жок. Токтогул райкомунун төрагалык кызматына К.Ажыбаеваны Пленум мүчөлөрү К.Ажыбаеваны бир добуштан шайлашты. Пленум күн тартибиндеги калган маселелерди карап, райкомдун мүчөлөрүнө, президиум мүчөлөрү толуктоолорду киргизип, бекитип беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети