Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Төрө районунун делегациясы Ноокенде

    Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин Пленумдарын Кыргызыстандын жер-жерлеринде өткөрүү аркылуу тажрыйба алмашууну, кесип бирлиги лидерлерин жакындаштырууну, өз-ара көмөктөшүнү, ынтымак жана биримдикти камсыздоого шарттарды түзүүгө жетишти. Биздин Ноокен району Талас облусунун район, шаарларынын кесиптик уюмдары менен 2009-жылдан тыгыз байланышта иштешип, жайкы эс алууну уюштурууда өнөктөш катарында ийгиликтерди камсыздашууда. Таластагы эс алуу боюнча уюштуруу иштерин проблемаларын чечуудө жакындан жардам берүүдө.

    Ушундай жакшы самаалык 2013-жылдан баштап Тогуз-Төрө району менен да уюштура башталды. 2013-жыл октябрь айында делегация Ноокенге келип тажрыйба алмашуу чаралары өткөрүлдү. 2014-жыл июнь айында биздин делегация Тогуз-Төрө районунун ийгиликтери жана тажрыйбалары менен таанышып келишти. Ушул жылы алардын делегациясына Арстанбапта эс алуу иш чаралары уюштурулду. Жакшы башталган достук мамилелери окуу-тарбия ишине жана кесиптик уюмдардын ишмердүүлүгүнө дагы таасирин тийгизип, натыйжаларын берүүдө.

    2016-жылдын 1-3 июль күндөрү Тогуз-Төрөлук кесиптештерибиз Аксы районундагы “Сары-Челек” жана “Падыша-Ата” эс алуу жайларында болушуп ден-соолуктарын бекемдешти, ал жерде Аксылык кесиптик уюмдун лидерлери эс алууну уюштуруу иштерине көмөктөш болушту.

    Тогуз-Төрө районунун делегациясы 3-июль күнү Ноокен районун “Тоскоол-Ата” төкөй чарбасынын аймагындагы Э. Давлетов атындагы эс алуу жайында кесиптештери менен эс алуу маданий иш чарасына катышышты. Иш-чарада эки райондун билим берүүсүнүн жетекчилери, алдынкы билим берүү кызматкерлери катышып, ой-пикирлерин, сунуштарын, ортого салышты. Катышуучулар райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана кесиптик уюмдун жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.

    Аталган иш-чаралар “2016-жыл - Тарых жана маданият жылы” иш-чаралары алкагында өткөрүлдү.

Материалды даярдаган: Ноокен райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.