Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Тородо «Жылдын мыкты мугалими»

          Тогуз-Торо районунда жыл сайын өткөрүлчү, салтка айланган «Жылдын мыкты мугалими-2016» сынагы 21-22-апрель күндөрү  болуп өттү. Сынак 2 күнгө созулуп, райондук этабына 13 мугалим катышты.  «Жылдын мыкты мугалими-2016» сынагында ар бир мугалим өзгөчө чыгармачылык, изденүүчүлүк жаӊычыл аракеттер менен даярданышып келишкендиги белгилүү болду. Жыйынтыгында комиссиянын чечими менен педагогикалык ар тараптуу чеберчилигин көрсөтүү менен №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин  физика мугалими Эстебес кызы Гулира «баш байгени» жеӊип алып облустук этапка катышууга жолдомо алды. Сынактын катышчуларын Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Г.Султангазиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаев жана айыл округ башчылары куттукташты. «Жыл мыкты  мугалим» сынагынын  жеӊүүчүлөрү райондук  билим беруу бөлүмүнүн жана райком профсоюздун «Ардак грамотасы» жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.  Мындан сырткары айыл округ башчылары жана демөөрчүлөр тарабынан сынактын катышуучулары акчалай сыйлыктар менен сыйланды.   

 

Тогуз-Торо райком профсоюзу