Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Тородо “Жылдын мыкты мугалими – 2021” сынагы жыйынтыкталды

Тогуз-Торо районундагы жалпы билим берүү орто мектептеринде “Санариптик педагогика”деген аталыштагы “Жылдын мыкты мугалими-2021” сынагынын жыйынтыгы 14-май күнү чыгарылды. Сынакка райондун мектептеринен 14 мугалим катышышты.

“Жылдын мыкты мугалими-2021” сынагынын жобосунун негизинде сынактын бардык талаптары боюнча  калыстар тобу  адилет жана калыс баа беришип, жеңүүчү аныкталды. Сынактын катышкан бардык мугалимдер өздөрүнүн заманбап деңгээлге умтулуп, жаңычылдык менен улам алга илгерилеп изденип, иштеп жатышкандыктарын көрсөтө алышты. Өзүнүн мугалимдик чеберчилигинин, изденүүчүлүгүн, жаңыча ыкмаларды таап колдоно билгендигин, жогорку педагогдук чеберчилигин көрсөтүп Иманберди уулу Иса атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинин информатика мугалими Бейшеева Зарина Койчуевна сынактын “Баш байгесин” жеңип алды.

Жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы  З.Ажыбаев куттуктап, жеңүүчү мугалимдерге “Ардак грамота” жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Тогуз-Торо райондук кесиптик бирлик комитети