Тогуз-Торо районун билим берүү уюмдарынын эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары боюнча эсептөөнүн жолдору тууралуу семинар өткөрүлдү
2013-жылдын 3-декабрында Тогуз-Торо районундагы билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин жаңы эмгек акыларын төлөө жана эсептөө боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети, Жалал-Абад областтык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитети тарабынан «Билим берүү системасында кызматкерлердин эмгек акылары боюнча ченемдик-укуктук иш кагаздарын жүзөөгө ашыруу» деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинарга Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, Жениш Туу газетасынын башкы редактору С.Кочорбаев жана 14 мектептин, 10 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин, 2 мектептен тышкаркы мекеменин директорлору,окуу бөлүм башчылары, баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары (төрайымдары) райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын бухгалтерлери болуп 75 адам катышты.
Семинар атайын түзүлгөн программанын негизинде өткөрүлдү. Тогуз-Торо районунун билим берүү кызматкерлери семинардын уюштуруучуларына, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А. Токтогуловго, Жалал-Абад областтык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитетинин төрагасы К.Мурзакматовго жана Борбордук Комитеттин башкы адиси К.Ниязбековго ыраазычылыктарын билдиришти.
Билим берүү кызматкерлеринин
кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо
райондук комитетинин төрагасы: З.К.Ажыбаев