Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Торо районун 80 жылдыгына карата муз үстүндө мелдеш жыйынтыкталды.

Спорт комитети тарабынан 2016-жылдын 6-февралында райондун 80 жылдыгына карата  муз үстүндө мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке райондун мекеме иш кананаларынан жана билим берүү уюмдарынан  16 команда катышып күч сынашты.  Билим  берүү уюмдарынан «Бурганак»  жана «Ак чардак» командалары катышты.  Жобого ылайык мелдешке ар бир командадан  5 тен оюнчу катышып,  жыйынтыгында  биричи орунду  «Макмал», экинчи орун «Алга» , үчүнчү орунду «Бурганак» командасы женип алды. Жеӊүүчү командалар  райондук мамлекеттик администрациясы жана спорт комитети тарабынан  медаль жана диплом менен сыйланышты. Билим берүү уюмдарынан муз үстүндөгү мелдешке катышкан  «Бурганак»  жана «Ак чардак» командаларына райондук профсоюз комитети тарабынан  колдо көрсөтүлдү.