Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Торо райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун III пленуму

 №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде   билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун  Тогуз-Торо  райондук  комитетинин        III пленуму 2016-жылдын 29-январында болуп өттү. Пленумда үч маселе карылып. негизги маселе боюнча билим берүү кызматкерлеринин профсоюзнун райондук комитетинин төрагасы Ажыбаев Залкарбек Керипбаевич бир жылда жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчет берди.

 Пленумга билим беруу болумунун башчысы Б.Иманбердиев, билим беруу уюмдарынын жетекчилери жана профсоюз уюмдарынын төрагалары  катышты.  Райондук комитет өзүнүн жер- жерлердеги уюмдары менен бирдикте билим берүү кызматкерлеринин социалдык экономикалык, укуктук, кызыкчылыктарын коргоо боюнча бир катар алгылыктуу иштерди жүзөгө ашырып жаткандагы белгиледи.  Айрыкча 2-тараптуу жана                3-тараптуу келишимди аткарууда профсоюз мүчөлөрүнүн иштешине жана эс алуусуна жана билим берүү уюмдарынын материалдык техникалык базасын чындоодо жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеӊири маалымат берилди.       Пленумда 7 киши чыгып сүйлөп, райондук комитет тарабынан  бир катар иштердин жүргүзүлүп жаткан белгилөө менен сунуштарын айтышты.  Жыйынтыгында райондук комитеттин 2016-жылга карата жүргүзүлөө турган иштер жана  милдеттер аныкталды.

        Тогуз-Торо райком профсоюзу.