Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тоң районунда семинар өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 30-апрель күнү Тоң районунда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмдарынын төрагаларына семинары болуп өттү. Бул семинар, аты аталган профсоюздун райондук комитетинин 2021-жылга карата кабыл алынган иш планынын алкагында өткөрүлдү. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинде 41 баштапкы уюм мүчөсү бар, быйылкы жылы айрым баштапкы уюмдардын жаңы төрагалары шайланышкан.

Жаңы төрагаларга профкомдун иштөө принциптери, жүргүзүлүүчү иш кагаздары тууралуу кеңири маалымат жана иш тажрыйбалар үйрөтүлдү. Бул семинарда көп жылдан бери баштапкы уюмдун төрагасы болуп иштеп келе жаткандар жаңы шайланып келген төрагалар менен иш тажрыйбаларын бөлүшүү, ошону менен бирдикте, ар бир баштапкы уюмдарда кабинет уюштуруу, аны жасалгалоо же болбосо мектеп фойесинде профсоюздук бурчту бир типтүү формада уюштуруу маселелери каралып макулдашылды.

Жыйынтыгында семинар өз максатына жетип, жаңы төрагалар кеңири маалымат жана тажрыйба алышты. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тоң райондук комитетинин эмки кадамы, баштапкы уюмдарды жеринде кыдырып көрүп, акыркы семинарда макулдашылган бардык уюштуруу иштерин тыкыр көзөмөлгө алып, баштапкы уюм төрагаларынын жериндеги иштеринин эффективдүүлүгүн арттыруу болуп саналат.

 

Маалыматты даярдаган: Тоң райпроф комитетинин төрагасы Нурлан Урманбетов