Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тоң районунда 22-Спартакиада өткөрүлдү

 

2021-жылдын 29-30-март күндөрү Ысык-Көл областынын Тоң районунун билим берүү кыматкерлери арасында салтка айланып калган “Манастын урпактары дени сак улут” урааны алдында 22-Спартакиадасы болуп өттү. Бул спартакиадабыз, Президентибиз үстүбуздөгү жылды “Руханий баалуулук, дене тарбия жана адеп ахлак жылы” деп жарыялашына шайкеш келип, үндөшүп турганы жакшы саамалык болду. Спартакиада билим берүү кызматкерлери спорттун 3 түрү, командалык – волейбол, жеке – стол тенниси жана шахмат боюнча күч сынашышты. Спорттун ар бир түрү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында күч сынашуу жүрдү. Тилекке каршы өткөн жылы пандемиялык карантинге байланыштуу спартакиада өткөрүлгөн эмес эле. Мындай форматтагы массалык иш чаралар районубуздагы мугалимдердин жакындан таанышуу, тажрыйба алмашуу боюнча алакаларын жакшы болушуна шарт тузуп берген иш чара экени талашсыз жана мугалимдерибиздин күнүмдүк иш чаралардан бираз да болсо алаксып, эс алып руханий байлыгын жогорулатууга себепчи болот.

 

Волейбол оюну боюнча эркектер арасында Ногой Садыков атындагы мектеп жамааты 1-орунду камсыздашса, кыз-келиндер арасында 1-орунду Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин мугалимдер жамааты багындырышты.

Стол тенниси боюнча эркектер арасында 1-орунду Муканбек Мамбетов атындагы мектептин мугалими, баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы Акатов Улук ээлесе, аялдар арасында биринчиликти алыскы тоолуу өрөөндө жайгашкан Ж. Жамгырчиев атындагы мектептин мугалими Бирназарова Бурулсун багындырды.

 

Шахмат оюну боюнча биринчиликти эркектер арасында да, аялдар арасында да алыскы тоолуу өрөөндөн келишкен К. Көлбаев атындагы мектептин мугалимдери Сылымов Съездбек жана Апсаматова Жайдара ээлешти.

Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө жана ар кандай номинациядагы мыкты көрсөткүчтөргө жетише алган оюнчуларга Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тоң райондук комитети тарабынан кубоктор, медалдар, диплом, грамотолар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

 

Материалды даярдаган: Тоң райондук профкомунун төрагасы Урманбетов Нурлан