Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өткөрүлгөн иш чара боюнча маалымат

Билим  берүү    жана   илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун  Чаткал  райондук  комитетинин  иш   планына  ылайык  2018-жылдын  2-мартында  «Окуучулардын  укук  бузуучу   жүрүм-  турумунун  алдын   алуу»  аттуу  тегерек  стол С.Байдоолотов   атындагы  орто  мектебинде  өткөрүлдү.  Тегерек  столго   райондук   мамлекеттик   администрация башчысы-аким К.Эшалиев, райондун  прокурору Н.Бообеков, райондук  ички  иштер  бөлүмүнүн   начальнигинин орун  басары, милициянын  подполковниги  О.Осконбаев,  райондук  санэпидстанциясынын  башкы  дарыгери  Г.Акылбекова,  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы Т.Тынышов, Каныш-Кыя   айылынын  имамы У.Аккулов,  райондук  социалдык   коргоо   башкармасынын  башчысынын милдеттин  аткаруучусу Ж.Бегалиев,  ошондой  эле  мектептердин  башчылары, профсоюз  уюмдардын  төрага, төрайымдары,  ар  бир  мектептин  ата-энелер  комитетинин  төрагалары, мектеп  окуучулары  катышышып  оз  ойлорун  ортого  салышты.

         Жыйынтыгында  С.Байдоолотов  атындагы  орто  мектебинде  откорулгон «Окуучулардын  укук  бузуучу  жүрүм-турумунун  алдын  алуу»  боюнча  тегерек  столдун  катышуучулары  коомчулукка  болгон  кайрылуусу   кабыл   алынды.

    Билим  берүү   жана  илим   кызматкерлеринин

    профсоюзунун Чаткал  райондук

    комитетинин  төрагасы:                                               Ы.Кудайбердиев.