Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тил көпүрө илим менен билимге

23-сентябрь күнү — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил майрамы.

    Бул майрамга карата иш-чаралар республиканын бардык жеринде бала бакчалардан тартып, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында, мамлекеттик мекемелерде өткөрүлдү.

     Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берүү тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына 25 жыл болду.

     Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алып, анда кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

   Үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койду.

     Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүндө да атайын иш чара иштелип чыгып, баардык билим берүү мекмелеринде бул иш чарага карата айлыктар, жумалыктар өткөрүлдү.

         Айлыктын ачылышына арналып линейкалар уюштурулду. Кыргыз тилинин гимни ырдылып, мамлекеттик тилибизди даңазалаган ырлар жана докладдар окулду.

 

 

Рахила Нурматова, М.Т.Ибрагимов атындагы

  №3орто мектебинин профкому