Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Төгөрөгү төп келген, Мекен жок сендей Кыргызстан”

           2016-жылдын 5-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда   Кыргыз  Республикасынын Президентинин  “ 2016-жылды Тарых  жана  маданият жылы деп  жарыялоо жөнүндө”  Жарлыгын турмушка  ашыруу, райондун  аймагында мамлекеттик  тилди  өнүктүрүү, тил  саясатын  өркүндөтүү жана жайылтуу максатында райондук  билим берүү кызматкерлеринин  кыздарынан  куралган топ  менен  саламаттыкты  сактоо кызматкерлеринин жигитеринен  куралган топтун   арасында  “Төгөрөгү төп  келген,  Мекен  жок  сендей  Кыргызстан” деген  аталыштагы  Сармерден болуп өттү. Анда  билим берүү  кызматкерлеринин  ыр-бийге  шыктуу  таланттуу  мугалимдеринен  куралган  топ  катышып, жобого  ылайык  өздөрүнүн  таланттарын  көрсөтүштү. Белгилеп  кетсек,  мугалим  эжейлердин  аткаруусундагы “Сал-билек” бийи, жеке  аткаруудагы кыргыз ырларынын  орду  жана  турмуштагы  өчпөстүгүнүн даңазаланышы, турмуштагы  жат  көрүнүштөрдүн артисттик  чеберчилик  менен  аткарылгандыгы жана көрүүчүлөрдүн  купулуна  толгондугу  менен айырмаланды.                                                                                 Андан  сырткары, билим  берүү  кызматкерлеринин  кыздарына райондогу  мектепке  чейинки  билим берүү уюмдарынын жана  мектептердин  демөөрчүлүгү  менен жаңы бирдей тигилген  формалары сахнага көрк  кошуп  тургандыгын калыстар  тобунун төрайымы , Кыргыз Республикасынын эмгек  сиңирген  артисти Ш.Жоробекова  тарабынан жогору  бааланып, баса  белгиленди,иш чарага эки тараптын тең жетекчилери жана профсоюз комитеттери тик туруп жылуу сөздөрүн айтып белек бечкектерди тартуулаганына кеңири токтолду.

       Калыстар  тобунун чыгарган  жыйынтыгы  менен райондук  билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн кыздар  тобу жогорку  упай  алуу  менен ийгиликке  жетишти  акчалай  сыйлыкка ээ  болушту.