Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Театр ааламын кеңейткен Айтматов

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  Ч.Айтматовдун туулган күнүн утурлай жазуучунун өмүр-чыгармачылыгы боюнча студенттердин кол өнөрчүлүк көргөзмө сынагы жана сахналык көрүнүштөрдүн таймашы болуп өттү.

Иш чара улуу жазуучунун чыгармачылык ааламын жаштарга жайылтуу жана студенттер ортосунда китеп окуу маданиятын дагы да жакшыртуу максатында, математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан уюштурулду. Аталган мелдеш факультеттин тайпалары ортосунда болуп, анда студенттер алгач жазуучунун чыгармаларындагы каармандарды, түрдүү көрүнүштөрдү кол өнөрчүлүк менен көргөзмөгө жайышты. Ал эми иш чаранын негизги бөлүгү окуу жайдын чоң залында уланып, мында ар бир тайпа өздөрүнүн чыгармачылыгы менен Ч.Айтматовдун чыгармаларынан узүндү аткарышып, жогорку деңгээлде театралдаштырылган кече тартууланды. Иш чаранын соңунда тайпалардын алып чыккан көгөзмөлөрү жана сахналаштырылган эмгектери калыстар тобу тарабынан бааланып, женүүчүлөр жана активдүү катышкан студенттер уюштуруу тобунун атайын сыйлыктары менен сыйланышты.

Кубаныч Жылкычы уулу