Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба алмашуу

2023-жылдын 9-июнунда Жети-Ѳгүз районундагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери үчүн тажрыйба алмашуу семинары ѳткѳрүлдү.

Семинарда  “Светлая Поляна”, “Алтын бешик”  мектепке чейинки билим берүү уюмунунун кесиптик бирлик комитетинин тѳрайымдары кесиптик бирликтин иштери, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча аткарылып жаткан иштери тууралуу айтып беришти. Ал эми А.Алыбаков жана М.Тынаев атындагы оро мектептеринин баштапкы кесиптик бирилик комитет, кесиптик бирлик, мектеп администрациясы жана айыл  өкмөтүнүн ортосундагы  үч тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча  маалыматтарды беришти.

“Керемет” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тѳрайымы Мамбетова Бегайым  Оргочор айылдык аймагында жайгашкан 2 мектеп жана 2 мектепке чейинки билим берүү уюмларынын кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттен бѳлүнүп жаткан социалдык жана экономикалык жактан коргоо багытындагы  акча каражаттарынын бѳлүштүрүлүшү боюнча маалымат берди.

Семинардын жүрүшүндѳ райондун кесиптик бирлик кыймылынын  ѳнүгүшүнѳ кошкон зор салымдары үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жана райондук кесиптик бирлик комитетинин сыйлыктары тапшырылды.

Райондук кесиптик бирлик комитети семинардын катышуучуларына  маданий-массалык иш-чаралар менен коштолгон 1 күндүк эс алууну уюштурду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жети-Өгүз райондук комитетинин төрагасы Ө.Молдокматов