Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба алмашуу иш - чарасы

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад облустук  комитетинин  алдындагы Профсоюздук  билим  берүү Борборунун  иш  планына  ылайык  обкомдун  инпектору   А.Айдаров менен  Базар-Коргон  райкомунун  төрагасы  С.Жаркынбаев    2018-жылдын   5-ноябрында  Токтогул районунда болуп,  райкомдун  иши  менен жакындан  таанышышты.

С.Жаркынбаев профсоюздук ишмердүүлүк  боюнча Токтогул  райкомунун төрагасы  Т.Исраиловтон өзүнө  кызыктырган  суроолоруна  жоопторун алып, пайдалуу усулдук  иш-чара  болгондугун белгиледи.

Обкомдун инспектору  А.Айдаров  райкомдун  жооптуу  кызматкерлерине профсоюздук ишмердүүлүк  боюнча маалыматтарды  берип,  алардын суроолоруна  жоопторду берди.

Көрсөтүлгөн  усулдук көмөк  үчүн райкомдун кызматкерлери  ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

 

Материалды  даярдаган

  Обкомдун пресс-катчысы-М.Абдыкадырова