Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Татыктуу эмгектер эске алынат

Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү менен райондук профсоюз комитети 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча окутуу-тарбиялоо иштеринде жакшы натыйжаларды жаратышкан мектептердин жетекчилигинин, профсоюздук уюмдун төрага, төрайымдарынын жетишкендиктерин белгилөө үчүн райондук, областтык жана республикалык сыйлыктарга көрсөтүү чечими кабыл алынган болучу. Алардын катарында мектептердин бир катар профкомдору да бар.

Жакында райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев Жантөшев жана Сооронбаева атындагы орто мектептерде болуп профкомдун төрайымдары Шакитова Майрамкүлгө жана Кожогелдиева Гүлмирага «Билим, илим профсоюзунун отличниги» төш белгилерин салтанаттуу кырдаалда тапшырды. Мындан тышкары профсоюздун бир катар активдүү мүчөлөрү райондук профсоюз комитетинин Ардак Грамоталарына татыктуу болушту.

Райондун билим берүү тармагынын ишин мындан ары да илгерилетүүгө салымдарын кошуп жатышкан профсоюз мүчөлөрүнүн, профсоюз лидерлеринин татыктуу эмгектери, иш аракеттери сөзсүз эске алынаары белгиленди.

 

 

Материалды даярдаган: Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери Ж.Жунушева