Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмур шаарындагы «Жылдын мыкты мугалими-2021» сынагынын жыйынтыгы

2021-жылдын 29-30-апрелдеринде Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектеп мугалимдери арасында "Жылдын мыкты мугалими - 2021" сынагы болуп өттү. Сынак К.Кузембаев атындагы №7 жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында уюштурулду.

Сынактык программалар 2 күнгө бөлүнүп, 2-күнүндө конкурсанттар төмөнкү багыттардагы жазуу иштерин аткарышты:

1. Ачык сабактар

2. Көргөзмө куралдар жарманкеси.

Аталган сынакта төмөнкү мугалимдер байгелүү орундарды ээлешти:

1-орун (1 сыйлык):

Т.Шадыханов атындагы №14 инновациялык гимназия мектебинин башталгыч классынын мугалими Мырзаева Бүсайра Орозовна;

2-орун (1 сыйлык):

В.И.Ленин атындагы №5 жалпы билим берүүчү орто мектебинин информатика мугалими Кожобекова Жоогазын Паизбековна;

3-орун (1 сыйлык):

Токтогул атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Ахматова Назгүл Оморбековна.

Сынактын 2 күндүк иш-чараларына шаардык мэриянын социалдык маселелер боюнча башкы адис Н.А.Боронбаев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиевалар катышып, конкурсанттарды жеңиши менен куттуктады.

Жеңүүчүлөр Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Билим, илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаарпроф комитетинин төрайымы Э.Эгизалиева