Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүрдө Ооган согушунун ардагерлерине арналган кечелер өткөрүлдү

2020-жылдын 12-февралында Таш-Көмүр шаарына караштуу №12 А.С Пушкин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына карата ардагер-ооганчылардын,Таш-Көмүр шаардык Ооган ардагерлер союзунун төрагасы Т.Коңкобаевдин,Таш-Комүр шаардык Аскер комиссариатынын өкүлүнүн жана мектеп мугалимдеринин катышуусунда Эл агартуунун мыктысы Риксиева Раиса Каримовнананын “По афганским дорогам”темасындагы мекенчил ачык интеграциаланган сабагы өттү.Сабактын жүрүшүндө видео-фильмдер,документалдык жана көркөм фильмдер көрсөтүлдү.Ал эми окуучулар ардагерлерге арнаган ыр саптарын көркөм айтышып,ыр, бий тартуулашты.Сабактын жүрүшүндө ардагерлер менен суроо-жооптор,аңгемелешүүлөр болуп кызыктуу жана терең мазмундуу,патриоттук сезимдерге кучтүү таасири бар сөздор көп айтылды.Эң кубанычтуусу Р.К.Риксиева Республикабыздын Ооган ардагерлеринин союзунун  “За военно-патриотическое воспитание молодежи”медалы жана мектептин профсоюз уюмунун башчысы З.Бабатаева тарабынан сыйлуу белектер менен сыйланды.

 

Материалды даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева