Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүрдө Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

Таш-Көмур шаарында  Кыргыз мамлекетинин кырмызы кызыл Туусунун күнү белгиленип,туу көтөрүлдү. Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгына быйыл 29 жыл болуптур. Бул туу күнүнө карата Таш- Көмүр шаардык мэриясы тарабынан майрамдык жөө жүрүш уюштурулуп, шаарыбыздын мэри Н.Доулбеков баштаган мэриянын кызматкерлери жана мекеме- ишканалардын жалпы кызматкерлери жөө жүрүшкө катышышты. Иш-чара  таңкы 7:50 до башталып, 8:00 до шаарыбыздын негизги аянты болгон маданият үйүнүн алдында  кырмызы кызыл туубуз бийик көтөрүлүп мамлекеттик гимн жаңырды.

Туу бул - адамзаттын өмүр жолунда мамлекеттик түзүлүштүн эң башкы белгиси катары  эсептелген.

Тууну эл ардактап сактап, душманга алдырбоого аракеттенишкен. Кыргызстандын туусунун өңү кызыл, анын дал ортосунда жайгашкан күн менен түндүк бийиктик менен биримдиктин символу катары чагылдырылган. Ал эми тегерете күн желесиндей чачыраган нурлар кырк уруу кыргыздын түпкүлүгүн баяндайт.

 

 

Материалды даярдаган: Э.Ж. Эгизалиева