Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарынын мектептеринин соц.педагогдоруна жана профсоюздарына “Балдардын эмгеги жана билим берүү” деген темада семинар өтүлдү

Таш-Көмүр шаарынын мектептеринин соц.педагогдоруна  жана профсоюздарына “Балдардын эмгеги жана билим берүү” деген темада семинар өтүлдү. Семинарды Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы,”Балдардын эмгеги жана билим берүү” курсу боюнча  педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча тренер Г.Эргешова уюштурду жана өттү. Семинарда  формалдуу эмес билим берүү, балдар эмгеги,анын ден соолукка зыяндуулугу, кооптуулугу, иш берүүчүнүн жоопкерчилиги ж.б. темаларга токтолду. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын  Борбордук Комитети тарабынан чыгарылган  “Формалдуу эмес билим берүү боюнча мугалимдер үчүн методикалык колдонмо” ,”Создание зон,свободных от детского труда,в Московском и Ысык-Атинском районах Чуйской области”,”СКРИМ: стоп-сигнал деткому труду” деген  маалымат жана методикалык китептер менен тааныштырылды.Семинар кызыктуу жана пайдалуу болду.