Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарынын билим берүү кызматкерлеринин профсоюз мүчөлөрү ден соолугун чыңдашты.

2015-жылдын 20-21-январь күндөрү  Билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан мугалимдердин 38-спартакиадасы уюшулду. Бул спартакиада кышкы каникул мезгилинде уюшулуп,профсоюз мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо,спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана спорттун мыкты чеберлерин аныктоо,областтык мугалимдердин спартакиадасына спорттун түрлөрү боюнча мыктыларын тандоо максатында уюшулду.Мугалимдердин спартакиадасына  теннис,шахмат,волейбол боюнча 14 команда катышты.14 мектептен келген команданы мектептин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага,төрайымдары жетектеп,уюштуруп келди.Спартакиаданын ачылыш аземине Таш-Көмүр депутаттар кеңешинин төрагасы М.Кулдышев,шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабданов, Билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Г.Эргешова,Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Б.Усенов катышып,куттуктап,ийгиликтерди каалашты.Жыйынтыгында,жалпы команда боюнча  1-орун А.Осмонбеков атындагы №9 орто мектебине(проф.төрайымы М.Кожонова),   2-орун Т.Уметалиев атындагы №6 орто мектебине(проф.төрайымы М.Картаева),   3-орун к.Осмонкулов атындагы №2 орто мектебине(проф.төрайымы С.Медиева) ыйгарылды.Теннис боюнча аялдар командасынан №9 о.м Асранова А 1-орун,№2 о.м Г.Токушева 2-орун,№5 о.м Чокморова А 3-орунду ээлешти.Теннис боюнча эркектер командасында 1-орун №8 о.м Сооронбаев.Т,2-орун №1 о.м Хайдаров.А,3-орун №4 о.м Суеркулов К ыйгарылды,шахмат боюнча аялдар командасында 1-орун №10 о.м Жанышбаева.Ч,2-орун №6 о.м Калилова.Ы,№2 о.м Кушбакова.У,эркекетер командасында №6 о.м Тагаев.А 1-орун,№10 о.м Мейманалиев 2-орун,№4 о.м Музальдиев.К 3-орунду ээлешти.Волейбол боюнча 1-орун №9 о.м,2-орун №2 о.м,3-орун №6 ом.командалары ээледи. Ийгиликтерге жеткен командаларга билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан сыйлыктар,дипломдор тапшырылды.

                     Билим,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети