Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарынын билим берүү кызматкерлери ыр кесе өткөрүштү

      Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2016-жылдын 4-апрелиндеги №104 буйругунун негизинде,Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин биргелешкен иш чарасынын негизинде,Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнун 25 жылдыгына,Тарых жана маданият жылына карата “Мекеним Кыргызстан” аттуу ыр кесе сынагы өткөрүлдү.Ыр кесе сынагына шаардын көпчүлүк мектептеринин таланттуу,өнөрпоз мугалимдери катышты.Белгилей кетсек,№2 орто мектебинин жаш адистери тарабынан “Акмарал” бий тобу бийди,Мырзаева Х,Мырзабеков.Б,Осмонова.Б, №3 орто мектебинин мугалими П.Арстанкулова,№5 орто мектебинен Ооганбеков Бегималы Манас айтуу менен,№6 орто мектебинен А.Абдылдаева,№7 орто мектебинен А.Мамасалиева,М.Утурбаева,С.Жусупбекова,№9 орто мектебинин музыка мугалими Ж.Планов,башталгыч класс  мугалими Д.Усманова,№10 орто мектебинен Ч.Шабданова,№11 орто мектебинен Ж.Мамбеталиева,У.Токтосунов,директору Н.Жоошбаев,№12 орто мектебинен ардагер мугалими С.Белекова,манас айтуу менен Ш.Алпатаева,№14 гимназия мектебинин жаш адиси А.Кудайкулова,Балдар чыгармачылык үйүнөн М.Кочкорова,Т.Сооронбаев үй-бүлөсү менен, №5 балдар бакчасынын директору К.Жунусова өз чыгармачылык өнөрлөрүн,элдик ырларды тартуулашты.

           Билим, илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Г.Эргешова  ыр кесенин катышуучуларын куттуктап,ыраазычылык билдируу менен, мугалимдердин алдыдагы эмгек өргүүлөрүн көңүлдүү өткөрүшүн каалады.

ШБББнын кызматкерлери ыр кесени шаардагы ТИПИ,Колледж,лицейдин мугалимдерине узатышты.

 

                              Билим, илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети