Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрү жардам көрсөттү.

2015-жылдын 21-декабрындагы саат түнкү 12-00до өрт чыгып, Таш-Көмүр шаарынын Некрасов көчөсүнүн №6 үйүнүн 12 батири күйүп кеткен.Өрттөн жабырлаган тургундарына материалдык жана гуманитардык  жардам берүү максатында шаарда эсеп счёту ачылган. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдун, Билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Г.Эргешованын демилгеси жана уюштуруучулугу менен билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  мүчөлөрү да жардам берүүдөн четте калган жок .Жалпы 46200(кырк алты миң эки жүз) сом акча каражаты топтолуп,эсеп счётко которулду.Бул каражатты топтоодо көмөк көрсөткөн шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюз мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиребиз.

 

 

                        Билим,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети