Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназиясында "АДАБИЯТ ОРДОСУ"

2021-жылдын 17-февралында №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебинде "АДАБИЯТ ОРДОСУ" аттуу билим жарышы 6-а класстын жана 10-класстын окуучулары ортосунда өттү.Бул иш чараны гимназиянын директору кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Атаярова алып барды.

Билим жарыштын максаты:

  1. Эне тилин урматтап, таза сүйлөөгө үйрөтүү;
  2. Адабияттын адамдын жан дүйнөсүн тазалоо, байытуудагы, азыктандыруудагы орду;
  3. Окуучунун аң-сезимин жогорулатуу, логикалык ой өрүшүн кеңейтүү билим жарышынын.

Жыйынтыгында "АДАБИЯТ ОРДОСУ" жеңүүчүсү болуп 1-орунга 10-класстын окуучусу Аманбеков Даниэль, 2-орунга 10-класстын окуучусу Шамырзаева Айгүзелдер ээ болушту - деп билдирди инновациялык гимназия мектептин директору Нуржан Атаярова.

Билим жарышынын сапары бүтпөсүн!

Окурман журттун катары арбып, окуучуларыбыз эне тилин аздектеп, барктаган азаматтардан болуп жетилишсин.

Мектеп жамаатына ийгиликтерди каалайбыз.

 

 

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева