Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери менен тарбиялануучулары аралыктан байланышууда

    2020-2021-жаңы окуу жылы пандемия шартында мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиялануучулары үчүн дагы аралыктан башталды. Бирок ошого карабастан жаш бөбөктөр эжекелери  жана сүйүктүү бакчасы менен аралыктан байланышып, билимдерин аксатпай келишүүдө. Пандемия шартында 480 сааттык “Наристе” программасы үзгүлтүккө учурабастан даярдоочу класстарды онлайн даярдашууда. Аралыктан окууда жаш бөбөктөр активдүү болушуп, тарбиячы эжекелерин сүйүндүрүп келишет. Мындай окутуу мугалим-окуучу-ата-эне байланышын дагы бир жолу бекемдеди.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева