Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы 2019-2020-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн онлайн куттуктоолор уюштурулду

Таш-Көмүр шаарындагы 2019-2020-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн онлайн куттуктоолор уюштурулду.

    Быйылкы жылы өлкөбүздө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 2019-2020-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү аралыктан өзгөчө куттуктоолорду кабыл алышты.Бул кырдаалда окуучуларга өз билимдерин аябастан,күжүрмөндүк менен эмгектенген жалпы республикабыздын мугалимдери катары Таш-көмүр шаарынын билим берүү тармагында эмгектенген кесиптештерибиз ата-энелер тарабынан жана окуучулардын атынан ыраазычылыктарга арзышты.

    2020-жылдын 30-майында шаарыбыздын бүтурүүчүлөрү үчүн Таш-көмүр шаарынын жетекчилери,шаардык билим берүунүн башчысы Т.К.Шабданов жана бардык мектеп жетечилери,окуткан мугалимдери тарабынан куттуктоолорду уга алышты.Ошондой эле ЭЛТР каналынан,радио берүүлөрдөн атактуу инсандардан каалоо-тилектерди угушту.

                             

 

                             

 

  

Бүтүрүүчүлор үчүн ар бир мектептен атайын видео-роликтер жасалып,окуучулардын мугалимдерге арнаган ырлары,ата-энелердин ыраазычылыктары камтылды. Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева