Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында Ооган жергесинен Советтик Армиянын чыгарылганын 32 жылдык майрамына карата салтка айланган эскерүү күнү өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарында Советтик Армиянын аскерлеринин чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына карата жана Ооган согушунун катышуучуларына арналып шаардык мэрия тарабынан жана жалпы мекемелер,билим берүү бөлумүнүн мекемелери менен биргеликте атайын иш-чаралар уюштурулду.Бул иш-чарага ылайык шаарыбыздын М.Ирсалиев атындагы эс алуу багынын чок ортосунда жайгашкан “Белгисиз солдат”эстелигине гүлчамбарлар коюу менен чакан концерттик программа менен коштолду.

 

Ошондой эле иш-чаранын алкагында ШБББнүн жалпы мектептери атайын бир айлык жарыялап,патриоттуулук сабактарын өтүштү.  Таш-Көмүр шаарынан 56 жоокер,Шамалды-сай шаарчасынан 23 жоокер кызмат кылышкан.Ал эми Кыргызстандан Ооган согушуна 7400 жоокер барган. Алардын ичинен  300дөн ашууну курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. 2 кыргызстандык жоокерге «Советтер союзунун баатыры» наамы берилген. Мунун ичинен Ош аскер комиссариатынан (Ош, Баткен, Жалал-Абад) 4200 жоокер жана офицер барып, 18и кайткан эмес. 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бир жоокерге Советтер союзунун баатыры деген наам берилген. Кайтып келгендери Ооган согушунда алган психологиялык     стресстен («афган синдрому») улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калган.

  

 

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева