Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында Ак калпак күнү белгиленди

2021-жылдын 5-мартта Таш-Көмүр шаарында Ак калпак күнү белгиленди.

Бул күнү кыргыздын ак калпагын кийген эр жигиттерден тартып, бүтүндөй шаар аймагындагы мекеме ишканалардын эркектери акцияга келишсе, көчөдө жүргөндөр да баштарынан ак калпагын баштан түшүрбөй сыймык менен жүрүштү.

 

Иш чаранын жүрүшүндө шаардын биринчи вице мэри Бабатаев Өмүржан Самарбекович жана шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович, ШБББнүн башчысы Н.К.Жоошбаев куттуктоо сөз сүйлөштү.

Акцияда ак калпактын тарыхы шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан баяндалып, "Ак марал" комузчулар ансамблинин аткаруусунда күү аткарылды.

 

Андан соң флешмоб Таш-Көмүр аймактык колледжи тарабынан аткарылды.

 

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева