Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу №1 Н.Островский атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде мамлекеттик тил майрамы онлайн форматында өткөрүлдү.

Жалал-Абад  облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарындагы № 1 Н.Островский атындагы окутуу  орус  тилинде  жүргүзүлгөн  мектепте  аралыктан  окутуунун  негизинде  23-сентябрь – Мамлекеттик  тил күнүнө  карата  “Эне тилим-эне сүтүм”  деген темада  кече өткөрүлдү. Бул кече онлайн форматында болуп, окуучулар аралыктан катыша алышты.

       Куттуктоо  үчүн  мектептин  мүдүрү  Константинова И.П, тарбия  иштерин уюштуруучусу Конкобаева ГК,  кыргыз тили  жана адабияты  мугалимдери:  Асанова Э.И, Бекташова А.М,  Рыскулбекова Д.З, Мамбеталиева Н.А, Ызаева Д.А, К.Асановалар сөз сүйлөштү.

          Иш  чара  боюнча  видеоролик  жасалды, аны  төмөнкү  https://youtu.be/OrXswwu_iAs   шилтеме боюнча  көрө  аласыздар.

Материалды даярдаган:ПКнын баштапкы уюмунун төрайымы  Асанова Э.И.