Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“ Тарыхы болбой журт болбойт, өнөрү болбой эл болбойт”

    8-март “Эл аралык айымдар күнүнө” карата ЖАМУда  “ Тарыхы болбой журт болбойт, өнөрү болбой эл болбойт”  аталышындагы тарыхый музыкалык –интеллектуалдык кароо-сынактын 2-туру болуп өттү. 2-турда Экономикалык, юридикалык факультети жана Медицина факультети ат салышышты. Аялзатынын тарыхта басып өткөн изин, элине кылган эмгегин даңазалоо менен бирге ЖАМУда студенттерге талыкпай билим берип жаткан эжекелердин жетишкендиктерин көрсөтүштү. Мыкты даярдык менен келип, кароо-сынактын жобосунда көрсөтүлгөн тапшырмаларды актёрдук чеберчилик менен аткарышып , калыстардын чечими менен Медицина факультетинин “Ак ниет” командасы 111 упай менен жеңишке ээ болушту. 108 упай менен Экономикалык, юридикалык факультети  2-орунду алды. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысы  Сансызбаева Асель айым жалпы аялзатынын майрамы менен куттуктап, кароо-сынак жогорку деӊгээлде өткөнүн жана ЖАМУ маданияттын чордону экенин белгилей кетти.

       Майрамыӊыздар менен урматтуу асылзаада айымдар!!!

 

ЖАМУнун кесиптик кошундар комитети.