Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Тарыхы болбой эл болбойт”

      Кыргыз Республикасынын Президентинин2015-жыл 30.12. ПЖ № 286 –жарлыгынын негизинде       2016-жыл өлкөбүздө “Тарых жана маданият жылы”- деп жарыялангандыгына  байланыштуу Билим жана илим   кызматкерлер  профсоюзунун Кемин  райондук Комитетинин Президиумунун заседаниясы    токтому  29 январь 2016-жыл № 1/4  менен «Тарыхы болбой эл болбойт»   кароо  сынактын  жобосу бекитилип,уюштуруу комитети  түзүлүп  кароо  сынакка  билим  берүү  мекемелеринде  иштеген  бардык  кызматкерлердин   катышуусу  милдеттендирилген..

      Тарыхы болбой эл болбойт» кароо-сынагынын  биринчи  этабы өз  сапарын Чон –Кемин өрөөнүнүн  мектептеринен  баштады. Мектептерде  иштеген  кызматкерлердин  катышуусунда Кароо  сынакта Кыргыз эл  ырлары  бийлери,акыйнек,.макал - лакап  жана  кыргыз  элинин  тарыхынан сахналаштырылган 2016-жылдагы уркун  окуясы,согуш  жылдары  чагылдырылды. Кароо  сынакта  Кок- Ойрок  айыл  өкмөтүнө  караштуу  мектептер  жана Чон Кемин  айыл  өкмөтүнө  караштуу  мектептер  ат  салышты.  Калыстар  тобунун  чечими  менен  биринчи  орун  Чон Кемин  айыл өкмөтүнө  караштуу  мектептерге  берилип Билим  кызматкерлер  профсоюзунун эсебинен  акчалай  сыйлык берилди. Экинчи  орунду  ээлеген Кок  Ойрок  айыл өкмөтүнө  караштуу  мектептердин командалары  дагы  акчалай  сыйлыкка  ээ болушту.