Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тарых жана Ата Бабаларды эскерүү

Бүгүн, 2019-жылдын 6-ноябрь күнү, ЖАМУнун баштапкы профсоюз уюмунун жетекчилигинин уюштуруусу боюнча  Медицина факультетинин “Фармация” адистигинин  студенттери менен   “Тарых жана Ата Бабаларды эскерүү күнүнө” карата атайын иш чара өткөрүлдү.

Иш чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ырдоо менен расмий түрдө башталып, аны “Фармация” кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.М.Орозбаева ачып берди. Конференцияда тарыхый сүрөттөрдүн көргөзмөсү коюлду. Студенттер тарабынан даярдалган докладдар окулуп, слайддар көрсөтүлдү. Талкууларды жараткан суроолорго  жооптор айтылып,  мазмундуу маалыматтарды алган катышуучулар иш чараны уюштурган баштапкы профсоюз уюмунун уюштуруу тобуна ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Даярдаган: Нуржан Баитова