Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылы»

«Ыйман адеп жана маданият жылы» иш чаралардын алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин «Тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылы» деген темадагы кароо сынак 17-майда Ат-Башы районунун мектептеринин жана бала бакчаларынын кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн арасында өткөрүлдү.

  Анда райондогу кесиптик уюмдун мүчөлөрү мектептин жана бала бакчанын директорлору катышышты. Иш чаранын ачылышында РК төрагасы К.Керималиев Республикалык кароо сынактын жобосу менен тааныштырып алдыдагы милдеттерди баяндады. Мамлекеттик деӊгээлде көтөрүлгөн олуттуу чакырыкка-иш аракетибиз, аӊ-сезимге таасир этүү кадамдарыбыз менен жооп берүүгө тийишпиз.

  Бул кароо сынакка Райондогу бала бакчалардын, мектептердин кесиптик баштапкы уюмдарынан курамы беш адамдан турган командалар күч салышты.

  Кароо сынактын катышуучулары жети номинациядан турган суроо-талаптарга жооп беришти. Команданын эмблемасы, саламдашуусу кыргыз элинин каада-салттарын чагылдырган сценка, профсоюздук  уюмдун укуктук иш кагаздарынан суроолор, мектеп бала бакчанын турмушун чагылдырган буклеттер жана концерттик номерлер боюнча атаандаштар сахнада чеберчиликтерин, билимин жана жөндөмүн көрсөтүштү.

               Кароо сынакка келген бала бакча, мектептердеги профсоюздук уюмдар жакшы даярдыктар менен келгендигин калыстар тобу белгилешти.

  Уюштуруучулук, чыгармачылык, аткаруучулук жөндөмдөрү менен айырмаланган А.Осмоналиев, К.Мамбеталиев, А.Чортеков, А.Керимбаев мектептери. Казыбек Жеткинчек, Сезимтал Кызыл-Туу, Ак-Жар Сезим, Шадыбеков Баш-Кайыщды бала бакчаларынын  баштапкы уюмдары жеӊүүчү деп табылып кесиптик бирликтин райондук комитетинин дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.