Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Тарбия башаты-таалим”

     Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Улуу Нооруз майрамынын алкагында Кант шаарындагы №20 -«Улыбка» бала бакчасында «Салам, менин Ноорузум!» темасынын астында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында облустук семинар болуп өттү. Семинарга Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Өмүрканова, облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн адиси Венера Анарбековна, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Болот Иманалиев, райондук билим кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин төрайымы Бактыгуль Тыныбекова, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Дамира Калчаева жана облустун башка райондорунан бала бакчалардын, усулдук бөлүмдүн башчылары келип катышышты. Келген конокторду жылуу кабыл алган райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Б.Токтоналиев семинардын ачылышында райондогу мектепке чейинки билим берүүнүн абалына токтолуп, учурда мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүгүн баса белгиледи. Учурда биздин райондо 23 бала бакча иштеп, 400дөн ашуун бала тарбияланып, 200дөн ашуун тарбиячы эмгектенүүдө. Алдыда дагы жаны бала бакчаларды ачып, алардын санын көбөйтүп, сапатына да көӊүл бурулууда. Облустук деӊгээлдеги тажрыйба алмашуу максатында уюшулган семинарлардын жаш муундарды тарбиялоого кеӊири жол ачаарын Б.Токтоналиев өз сөзүндө бекемдеп кетти. Район көп улуттуу калктан тургандыктан улут аралык ынтымакты бекемдөө бала бакчадан башталып, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө өзгөчө көӊүл бурулаары дагы айтылды. Кант шаарында негизинен орус тилдүү бала бакчалар болгондуктан кыргыз тилдүү тайпалар ачылып жатканын, ошентсе да орус тилдүү тайпадагы балдар кыргыз тили сабагын мыкты өздөштүрүп кете алгандыктары семинардын жүрүшүндө өтүлгөн сабактардан улам белгилүү болду. Семинарда алгачкы ачык сабакты Кант шаарындагы №20-“Улыбка” балдар бакчасынын кыргыз тили мугалими Г.Мурсабаева “Нооруз” темасында өткөн сабагы менен баштады. Балдардын сабакка берилгендиги, мугалимдин тажрыйбасынын молдугу семинардык катышуучуларынын алкоосуна татыды. Андан сөз “Алтын балаты” бала бакчасы сүмөлөк тууралуу уламышты жана боз үй тууралуу маалыматты сахналаштырып жогорку денгээлде көрсөтүп беришти. “Жаркын балалалык” бала бакчасы улуттук каада-салтты улап, “Тайга отургузуу” салтын көрсөтүшсө, “Үмүт” бала бакчасы улуттук оюндар менен тааныштырышты. “Солнышко” бала бакчасы кыргыз бийинин тарыхына токтолуп, мотурайган бөбөктөр жандуу бийди тартуулашты. “Гүл балалык” бала бакчасы “Сармерден бизде мейманда” аталышында бөбөктөр арасында сармерден оюнун көрсөтүштү. Мугалимдик талыкпаган эмгеги, тажрыйбалуулугу, изденүүчүлүгү менен өтүлгөн ачык сабактар семинардын катышуучуларынын жогорку баасына арзып, эч кимди кайдыгер калтырган жок.  Семинардын жыйынтыгында катышуучулар арасында талкуу болду. Бул өтүлгөн сабактардан иш тажрыйбасында колдоно турган көп нерселерди алгандыктарын, балдар менен тарбиячынын ортосунда бирин бири түшүнүү жогору экендиктерин белгилешти. Райондук бала бакчалардын семинарга ачык сабактар менен катышуусуна чоӊ эмгек жумшагандардын бири райондук билим берүү  башкармалыгынын башчысынын орун басары Дамира Калчаеванын эмгегин баса белгилеп кетпесек болбойт. Анын жасаган ишине карата да алкоолор айтылып, семинар өз максатына жетти деп бааланды.