Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Тарбия ааламды сактайт”

2021-жылдын 26-27-июнунда “Тарбия ааламды сактайт” аталышындагы методикалык  семинар  Чаткал  районунда  ийгиликтүү өттү.

КРнын  эмгек  сиңирген мугалими, педагогикалык  илимдин  кандидаты, “Энелер  мектебин” жана  “Жаш  мугалимдер мектебинин”  негиздөөчүсү, 16  методикалык китептин автору, новатор  педагог Мадаминов Гапыр Маматкулович аталган темада негизги баяндамачы болуп, тарбия жаатындагы өзүнүн педагогикалык иш тажрыйбасы изилдөөлөрү жана байкоолору менен бөлүштү.

Иш-чара  Борбор Азиядагы Ханнс Зайдел фондунун Жалал-Абад областындагы  өкүлү Мирулан Токтосуновдун көмөктөшүүсү менен өткөрүлдү.

Семинар 4 тайпага бөлүнүп уюштурулду:

  1. Ата-энелер үчүн: Баланы тарбиялоодо ата-эненин ролу жана методдору.
  2. ББМнин жетекчилери үчүн: Эффективдүү башкаруунун жолдору.
  3. Мугалимдер үчүн: Окуучуларды билимдин олимпиадасына, ЖРТга даярдоонун ыкмалары.
  4. Окуучуларга: Билимдүү, ийгиликтүү окуучу болуунун сырларын, жолдорун үйрөтүү менен адеп-ахлактык тарбия берүү.

Семинар өтө кызыктуу өттү, анын пайдалуулугун баары баса белгилешти. Аталган темалар баюнча жандуу, кызуу талкуулоо болду.

Семинардын жыйынтыгында Г.Мадаминовго жана уюштуруучу Мирулан  Токтосуновго ыраазычылык билдирүү менен чыгармачылык ийгиликтерди, бекем ден-соолук каалашты. Семинарды уюштурууга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Чаткал райондук комитети тарабынан  каржылык  колдоо  көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Чаткал райКБКнын төрагасы Ы.Кудайбердиев