Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Талас райондук, шаардык комитетинин кошмо пленуму

2024-жылдын 16-январь күнү Талас шаарынын №1 Ч.Абжалбеков атындагы орто мектебинде Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас райондук,шаардык комитеттердин кошмо Пленуму болуп өттү. Пленумдун ишине Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас райондук жана шаардык комитеттеринин мүчөлөрү, мектеп директорлору, КР Президентинин Талас областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов, Талас райондук,шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов, А.Жакшынбеков жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин аппарат жетекчиси, башкы укук инспектору Б.Кадыркулов катышты.

2018-жылы Талас райондук билим берүү бөлүмү менен Талас шаардык билим берүү бөлүмү бириктирилип, Талас райондук шаардык билим берүү болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу кесиптик бирликтин Талас райшаардык комитети дагы биригип түзүлгөн. 2021-жылы Талас райшаардык комитетинен Талас райондук комитети өзүнчө кайра бөлүнүп, андан башка 8 мектеп Кесиптик бирликтин Талас областтык кеңешине кошулуп, натыйжада бир комитет үчкө бөлүнгөн.

Талас райондук, шаардык комитеттин кошмо пленумун Борбордук комитеттин аппарат жетекчиси Б.Кадыркулов алып барды. Талас райондук, Талас шаардык комитетинин мүчөлөрү жана өзүнчө бөлүнгөн 8 жалпы билим берүү орто мектебинин профкомдорунун төрагалары Талас райшаардык комитети болуп кайра биригүү жөнүндө маселе көтөрүшүп, бүгүнкү кошмо пленумдун күн тартибине өзүнчө маселе коюп киргизүүнү сунуш беришип, райшаардык комитеттин мүчөлөрү бул сунушту бир добуштан колдоп беришти.

Кесиптик бирликтин Талас райшаардык комитетинин кошмо пленумунун күн тартибине төмөндөгүдөй  маселелер каралды:

  1. Кесиптик бирликтин Талас райондук жана шаардык комитеттерин бирдиктүү райондук,шаардык комитети кылып кайра түзүү жөнүндө.
  2. Кесиптик бирликтин Талас райондук, шаардык комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө.
  3. Кесиптик бирликтин Талас райондук, шаардык комитетинин мүчөлөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу.
  4. Кесиптик бирликтин Талас райондук, шаардык комитетинин текшерүү комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
  5. Кесиптик бирликтин Талас райондук, шаардык комитетинин президиумунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Пленумдун ишине төрагалык кылуучу Б.Кадыркулов күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча Талас райшаардык комитеттин төрагалыгына кандидатураларды көрсөтүүнү сунуш кылды. Талас шаардык комитетинин мүчөлөрү Н.Козубекова, Э.Асранова, А.Орунбаевалар Г.Осмоналиеваны көрсөтүштү. Б.Жанузаков атындагы орто мектебинин мугалими Г.Черикчиева Т.Кушчубаев атындагы орто мектебинин профкому А.Момоконовду жана А.Огонбаев атындагы орто мектебинин мугалими Ж.Сүйүнтбекова Эсенбеков атындагы орто мектебинин профкому К.Кабылбековду сунуш кылды. Төрагалыкка талапкерлерди ачык добуш менен шайлоого бир добуштан макулдук беришти. Г.Осмоналиева 17 добушка, ал эми А.Момоконов15 добушка ээ болушту. Добуш берүүнүн жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Г.Осмоналиева кесиптик бирликтин Талас райшаардык комитеттин төрагасы болуп шайланды.

Күн тартибиндеги калган маселелер каралып өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, райшаардык комитеттин мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын жана президиумдун курамдары жаңыланды. Ушуну менен Талас райондук, шаардык комитеттин пленуму өз ишин аяктады.

   

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети