Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таймаш болуп ɵттү

         Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда региондорду өнүктүрүү жылына карата билим берүү кызматкерлери менен медицина кызматкерлеринин арасында таймаш 24-март 2018-жылы өткөрүлдү.

      Таймаш негизинен Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү чагылдыруу менен сахналаштырылган кыскача көрүнүштрдү аткарып жалпы күйөрмандардын көңүлүн көтөрүштү.

      Жыйынтыгында калыстар тобунун төрагасы Ж.Батыров эки команданын өтө жакшы даярдыктарына токтолуу менен билим берүү командасынан ак кемеден үзүндүдөгү Нургазынын ролун аткаруудагы чеберчиликке, медицина кызматкерлеринин Ч.Айтматовдун чыгармаларынын парадына токтолуп жыйынтыгында билим берүү кызматкерлери жеңүүчү деп тапылганын угузду.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Үсөнбаева таймаштын катышуучуларын куттуктап дипломдорун тапшырды.

    Андан кийин билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Турдукулова жана профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиевдер да куттуктоолорун айтышты. Райкомдун төрагасы белектерин тапшырды.